Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № XI
Кожо-Келен айылына милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22-апрель 2025-жылдагы чыгыш №01-2/464 сандуу катынын кайрылуусунун негизинде Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылынын ФАПтын ашыкча жерине аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн имарат курууга 0.04 га жер аянтын ажыратып берүү үчүн Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылынын ФАПтын жерине милиция бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн имарат курууга 0.04 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |