Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ
09.06.2025-ж. №59
Ак-Суу айылына кошумча шайлоо участкасын ачууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Суу айылындагы №3120 “Заря” шайлоо участкасындагы шайлоочулардын саны 3000 миңден ашык болгондугуна байланыштуу Арык Мырза конушуна кошумча шайлоо участкасын ачууга макулдук берилсин.
2. Кошумча ачылган шайлоо участкасынын чек арасы Арык-Мырза жаны конушу, Красноармейский, Восточный көчөлөрү башынан аягына чейин, Кыдыр Аке көчөсү жуп тарабы №2ден баштап №10го чейин, так тарабы №1ден баштап №17ге чейин деп белгиленсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов