Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ VIII СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)
2025-жылдын 29-майы № 2
Раззаков шаарынын 2025-жылдын бюджетинин беренелеринде каралаган акча каражаттарын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын 2025-жылдын бюджетинин беренелеринде каралаган акча каражаттарын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-,34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын 2025-жылдын бюджетинин муниципалдык менчик департаментинин 3111-беренесинен 3100,0мин сом жана 3112-беренесинен 8000,0мин сом жалпы 11100,0мин сом акча каражаттарын 2411-беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |