Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 1
2025-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын 2025-жылдын башында бош калган акча каражатын бекитүү боюнча Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Абдиллажанова Рабияхан билдирүү жасап, айылдык кенештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Ала-Тоо айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 14034,7 миң сом жана чыгашалары менен 14034,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2025-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 353,4 сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми чыгаша жагы балдар бакчаларынын тамак-аш азыктарын алуу статьясына 353,4 сом акча каражаты бекитилсин.
3."Ала-Тоо Тазалык" муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 119,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.Чыгаша жагы да 119,1 сом өлчөмүндо белгиленсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |