Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 2
Ала-Тоо айыл аймагындагы Ак-Таш айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган эски гаражда жайгашкан атайын оңдоочу жайдын ордун ижарага берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Ак-Таш айылынын тургуну Кадыров Асилбектин мурдагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан эски гараждын ичиндеги атайын оңдоочу жайдын орду 2010-жылдан бери пайдаланылбай келе жаткандыктан ал жерди жергиликтүү элдерди тейлөө үчүн пайдаланууга ижарага берүү боюнча жазган арызын тааныштырып,депутаттар карап чыккандан кийин айылдык кеңештин сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун талаптарына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылында калктуу конушта жайгашкан мурдагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн гаражынын ичинде атайын оңдоочу жай болуп турган жердин аянтын тактап калкты тейлөө үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Ак-Таш айылында муниципалдык менчикте турган эски гараждын ичиндеги атайын оңдоочу жайдын жер аянтын кайсыл мезгилде ким тарабынан атайын актысы алынгандыгын иликтеп чыгып мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап андан кийин ижарага келишим түзүү жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн атайын адистерине тапшырылып, аны көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевке жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |