Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 4
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттен келип түшкөн 10 140,9 (он миллион бир жүз кырк миң тогуз жүз) сом акча каражатын Ала-Тоо айыл аймагынын айылдарынын башкы планын иштеп чыгуу максатында кеңири карап чыгып, айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттен келип түшкөн 10 140,9 ( он миллион бир жүз кырк миң тогуз жүз) сом акча каражатын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү документтерди даярдоо жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевке жана айыл өкмөт башчысы Б.Берикбаевке милдеттендирилсин .
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Тоо айылдык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына тапшырылсын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |