Редакцияот 26.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫДЫР АКЕ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 

ТОКТОМ

               

  09.06.2025-ж. №62

 

Ак-Суу жана Лесное айылдарына булактан келүүчү ичүүчү суунун

түтүктөрүн реконструкциялоого жана суу резервуарларын курууга

 макулдук берүү жөнүндө

          Айыл өкмөтүнүн сунушун талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

          1. Ак-Суу жана Лесное айылдарына булактан келүүчү ичүүчү суунун түтүктөрүн реконструкциялоого жана жаңы суу резервуарларын курууга макулдук берилсин.

          2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

          3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  Б.С.Акунов