Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 5
Ала-Тоо айыл аймагындагы бийик тоолуу Бек-жар айылына 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна Кара-Суу райондук финансы бөлүмү тарабынан акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары жооптуу катчы С.Т.Топчубаеванын айыл аймагынын Бек-жар айылында жайгашкан 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна Кара-Суу райондук финансы бөлүмү тарабынан 10000,0 (он миллион) акча каражат бөлүп берүү боюнча сунушун угуп карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Бек-жар айылында 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна Кара-Суу райондук финансы бөлүмү тарабынан 10000,0 (он миллион) акча каражат бөлүп берүү жагы суралсын.
2.Балдар бакчасынын курулушуна Кара-Суу райондук финансы бөлүмүнө атайын иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Абдиллажановага тапшырылсын.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |