Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29 -майы №9/34
Эргешали Карабаевдин ысымын Караван айылындагы “Центральная” көчөсүнө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтосун Ашимовдун ысымын Караван айылындагы “Новостройка” көчөсүнө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алим Мурзакановдун ысымын “Новостройка” көчөсүнө , Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алмамат Шамшиевдин ысымын Шор участкасына, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Борубек Мавляновдун ысымын Ак-Булак айылындагы Орто-Кыштак участкасындагы аты жок көчөгө, Эмгектин ардагери Аким Камаловдун ысымын Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 13-майындагы №8 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы “Центральная” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, маркум Эргешали Карабаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы “Новостройка” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Баба Абдуллаев көчөсүнөн кийинки 2-көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркумАлим Мурзакановдун ысымы ыйгарылсын.
3. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы “Новостройка” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Баба Абдуллаев көчөсүнөн кийинки 4-көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Токтосун Ашимовдун ысымы ыйгарылсын.
4. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы Шор участкасынын аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Алмамат Шамшиевдин ысымы ыйгарылып, “Алмамат Шамшиев атындагы конуш” деп аталсын.
5. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак-Булак айылынын Орто-Кыштак көчөсүнүн түштүк батыш тарабында жайгашкан аты жок 1-2-көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Борубек Мавляновдун ысымы ыйгарылсын.
6. Кызыл-Кыя шаарынын “Сухой-Сай” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Эмгектин ардагери маркум Аким Камаловдун ысымы ыйгарылсын.
7. Жогорудагы көчөлөрдү жашылдандырууга, жарыктандырууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы көчөлөргө ысымы ыйгарылган инсандардын туугандарына, неберелерине сунушталсын.
8. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Аматов |