Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ
10.06.2025-ж. №63
Айыл аймакта катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун тарифтерин
бекитүү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен субсидияларды кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, муниципалдык ишкананын сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймакта катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Айылдардын аталышы | Бекитилген тариф, анын ичинде субсидия | Ар бир кожолук 1 айга төлөөчү тариф | Жергиликтүү бюджеттен каралган субсидиянын өлчөмү | |
Кожолук үчүн | Аярлуу катмардагы кожолуктар үчүн | ||||
1 | Ак-Суу | 170 сом | 150 сом | 20 сом | 170 сом |
2 | Лесное | 170 сом | 150 сом | 20 сом | - |
2 | Кереге Таш | 170 сом | 150 сом | 20 сом | 170 сом |
3 | Сары Камыш | 180 сом | 160 сом | 20 сом | 180 сом |
4 | Кайырма Арык | 180 сом | 160 сом | 20 сом | 180 сом |
5 | Ново-Константиновка | 180 сом | 160 сом | 20 сом | 180 сом |
6 | Пионер | 180 сом | 160 сом | 20 сом | 180 сом |
2. Жергиликтүү бюджеттен каралган субсидия 1 350 960 (бир миллион үч жүз миң тогуз жүз алтымыш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен каралган субсидия муниципалдык ишкана тарабынан чогулткан төлөмдөргө жараша которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн экономика жана финансы боюнча башкы адиси Г.Ж.Кобогоновага милдеттендирилсин, аярлуу топтордун тизмесин түзүү жагы социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис Б.Шариповага милдеттендирилсин.
4. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик реестерге киргизүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов