Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
16.06.2025-ж. №65
Кереге-Таш айылынын ичинде жайгашкан мүрзөлөрдү жабууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 27-беренесине ылайык, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кереге-Таш айылындагы төмөндөгү 3 (үч) мүрзө толугу менен жабылсын:
- Кереге-Таш айылынын кире беришинде №1471-контурунда жайгашкан мусулман мүрзөсү;
- Кереге-Таш айылынын кире беришинде Кыдыр Акенин күмбөзүнүн жанында №1585-контурда жайгашкан мусулман мүрзөсү;
- Кереге-Таш айылынын ортосунда №1535-контурунда жайгашкан мусулман мүрзөсү;
2. 2025-жылдын 20-июнунан баштап каза болгондор Кереге-Таш айылынын үстүндөгү тоонун этегинде №1603-контурда (4,5га) жана №1604-контурда (1,90га) жайгашкан мусулман мүрзөсүнө коюлсун.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов