Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 42
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-майындагы 01-05-1128 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарындагы “Металлург” стадионун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-майындагы 01-05-1117 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарындагы “Металлург” стадионун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусу жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы “Металлург” стадионун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган стадионду Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |