Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 43
Өзбек Республикасынан Кадамжай шаарына өткөн 241,5 га жер аянтын шаардын административдик аймагына кошууга макулдук берүү жөнүндө
Өзбек Республикасынын Каражантак айылынын 241,5 га жер аянтын Кадамжай шаарына өткөрүп, жер фондун инвентаризациялоо боюнча мэрия тарабынан түзүлгөн комиссиянын кортундусу чыккан. Өзбек Республикасынан өткөн 241,5 га жер аянтын шаардын административдик аймагына кошуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзбек Республикасынан Кадамжай шаарына өткөн 241,5 га жер аянтын шаардын административдик аймагына кошууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |