Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 44
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджети 2025-жылдын 16-майына карата такталган киреше план тапшырма 44224,5 миң сомду түзөт, ал эми аткарылганы 45106,9 миң сомду түздү. 2025-жылдын биринчи кварталына жана жылдык планга өзгөртүү киргизилген. 2025-жылдын 6 айынын киреше бөлүгүнүн план тапшырмасына кошумча экинчи кварталына 3000,0 миң сом, жалпы 6000,0 миң сом, ошондуктан Кадамжай шаардык мэриясынын 6 айдын жыйынтыгы боюнча киреше салыгын жана чыгашаларын көбөйтүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше салыгы (11111100 “Салык агенти төлөөчү”) 3000,0 сомго көбөйтүлүп, төмөндөгү чыгаша беренелерине бөлүнсүн: 3111 беренеси (асфальт төшөөгө) – 3000,0 сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |