Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 45
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-майындагы 01-05-1123 “Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер, Даары-Булак жана Сад-Рик көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын “Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер, Даары-Булак жана Сад-Рик көчөлөрүнө асфальт төшөө иштеринин долбоорунун жалпы суммасы 21 463 600 (жыйырма бир миллион төрт жүз алтымыш үч миң алты жүз) сом. Жаңы-Жер участкасына 10 452 061 (он миллион төрт жүз элүү эки миң алтымыш бир) сом, Даары-Булак көчөсүнө 9 966 003 (тогуз миллион тогуз жүз алтымыш алты миң үч) сом, Сад-Рик көчөсүнө 1 455 036 (бир миллион төрт жүз элүү беш миң отуз алты) сом. Жыл башында 13 159 600 (он үч миллион бир жүз элүү тогуз миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Калган 8 304 000 (сегиз миллион үч жүз төрт миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусу жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер, Даары-Булак жана Сад-Рик көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн 8 304 000 (сегиз миллион үч жүз төрт миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |