Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 46
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 22-майындагы 01-05-1167 номери менен чыгышталган “А.Орозбеков көчөсүндөгү 400м3 резервуарга жана Металлург көчөсүндөгү №15 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндөгү машыгуучу жайга райондук өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык кредит алуу үчүн күрөөгө коюуга уруксат берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 22-майындагы 01-05-1167 номери менен чыгышталган “А.Орозбеков көчөсүндөгү 400м3 резервуарга жана Металлург көчөсүндөгү №15 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндөгү машыгуучу жайга райондук өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык кредит алуу үчүн күрөөгө коюуга уруксат берүү жөнүндө” кайрылуусу жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Орозбеков көчөсүндөгү сметалык баасы 4 233 437 сомду түзгөн 400м3 резервуарга жана Металлург көчөсүндөгү №15 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндөгү сметалык баасы 1 224 811 сомду түзгөн машыгуучу жайга райондук өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык кредит алуу үчүн шаардык мэриянын административдик кеңсесин жана муниципалдык мөмө-жемиш муздаткычын күрөөгө коюуга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |