Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 49
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 30-майындагы 01-15-1259 “Кадамжай шаарынын Жийделик айылына фельдшердик акушердик пунктун (ФАП) куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын “Кадамжай шаарынын Жийделик айылына фельдшердик акушердик пунктун (ФАП) куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусу карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Жийделик айылына фельдшердик акушердик пунктун (ФАП) куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |