Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 26
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков айыл өмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен төмөнкүлөргө макулдук берилсин: 1. 1. 2025-жылдын 6 айлыгына Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралган киреше бөлүгүнө башка төлөмдөр беренесине 1 612 000 сом кошумча пландын эсебинен Кызыл-Булак айлындагы элдин демилгеси менен курулуп жаткан спорт залдын полун , эшик терезелерин бүтүрүүгө 1 500 000 ( бир миллион беш жүз миң) сомду чыгаша бөлүгүнүн 3111 беренесине которууга;
1.2. “Good Neighbors” –эл аралык гуманитардык уюму тарбына колдоого алынган “Учкун айылына 1 га жер аянтына эксперименталдык бак аянтчасын уюштуруу” долбооруна жана Беш-Мойнок участкасынын тургундарына Ак-суу дарыясынан өзүнүн агымы менен суу тартып келүүгө 1 500 000( бир миллион беш жүз миң) сом ажыратууга;
1.3. А. Орозбековдун үй музейинин курулушуна 500 000(беш жүз миң) сом бөлүп берүүгө;
1.4. Айыл аймакка инвестиция тартуу боюнча иш кагаздарга (ПДС, смета жана башкаларга) 1 000 000 ( бир миллион) сом бөлүп берүүгө;
1.5. Орозбеков муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында субсидия берүүгө 1 500 000 ( Бир миллион беш жүз миң) сомду беренеден беренеге которууга; 1.6. 2024-жылдагы иштелбей калган 350 000 ( үч жүз элүү мин) сом финансылык калдыктарды 2025-жылда иштетүү үчүн керектүү беренелерге которууга.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин,
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |