Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 29
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, “Мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого жана калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык инфраструктураны иретке келтирүү максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын айылдарындагы таза суу түтүктөрү, арыктар жана лотоктор толук инвентаризациялансын.
2. Инвентаризация иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жана тиешелүү техникалык кызматтарга тапшырылсын.
3. Инвентаризацияланган объектилер боюнча техникалык паспорттор жана актылар түзүлүп, муниципалдык менчикке каттоо үчүн тиешелүү органдарга тапшыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |