Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 30
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна, ошондой эле суу түтүктөрүнүн техникалык тейлөөгө жана коопсуздук чараларын камсыздоого байланыштуу коргоо зоналарын уюштуруу максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Учкун айылындагы “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасына тартылган суу түтүктөрүнүн трассасы боюнча жер тилкелери жана алардын коргоо зоналары жалпы 0,10 га жер тилкеси “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасына техникалык тейлөө жана пайдалануу үчүн ижарага берилсин.
2. Ижара мөөнөтү 5 (беш) жылдык мөөнөткө , узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилсин.
3. Ижара акысы 0,01га жер аянты үчүн ай сайын 1000(миң) сом болуп, инфляцияны эске алуу менен белгиленсин.
4. Ижара келишимин түзүү жана тиешелүү каттоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. “Кадамжай сууканал” ишканасына өзүнө берилген тилкелерде суу түтүктөрүнө үзгүлтүксүз тейлөө жүргүзүп, коопсуздук жана санитардык талаптарды аткаруу жагы милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешитин төрагасынын орун басарларына, жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |