Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 31
Учкун айылынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-, 17-беренелерине, ” Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 10-пунктуна негизе Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылынан 1 га жер аянтын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, эс алуу паркын уюштуруу максатында пайдаланылсын.
1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |