Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

2024-жылы 29-ноябры № 4

 Ак-Турпак айыл аймагындагы Апкан - Өтүкчү авто жолунун 7 (жети) км аралыгын КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

“Кыргызавтожол - Түштүк” МИнин “№46 Жол тейлөө ишканасы” филиалынын сунушун карап, талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагындагы Апкан – Өтүкчү авто жолунун 7 (жети) км аралыгын КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү жөнүндөгү “№46 Жол тейлөө ишканасы” филиалынын сунушу канааттандырылсын.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге  милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

 А.Имаров