Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-апрели № 21
2025-жылга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу профицитин
жана анын пайдаланылышын бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети кошумча каражаттардын эсебинен (аукциондун жыйынтыгы менен МФ жерлеринин ижара акысынан), пландалган кирешелер бөлүгү чыгашалар бөлүгүнөн болжолдуу аша турган мүмкүнчүлүк бар экендиги жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин профицит суммасы 32 148,4 миң сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Профициттин суммасы социалдык, инфраструктуралык долбоорлордун багытына жумшалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Имаров |