Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-апрели № 22
Дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу 2 (эки) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу 2 (эки) долбоорго Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун карап чыгып, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылындагы “А.Төралиев атындагы орто мектепке ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 2 331 142 (эки миллион үч жүз отуз бир миң бир жүз кырк эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2 Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүк-Зар айылындагы “Алихан - Өрүк-Зар балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 2 598 937 (эки миллион беш жүз токсон сегиз миң тогуз жүз отуз жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Имаров |