Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-апрели № 24
“Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу трактор сатып алуу жөнүндө
Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу “Янмар” үлгүсүндөгү 1 (бир) даана трактор сатып алуу долбоору боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу “Янмар” үлгүсүндөгү 1 (бир) даана трактор сатып алуу долбоорун ишке ашырууда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 275 000 (эки жүз жетимиш беш миң) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Имаров |