Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 4-июну № 30
Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жыл ичинде аткарган иштери жана 2025-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жыл ичинде аткарган иштери жана 2025-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Төт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2025-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 290 750 (эки жүз токсон миң жети жүз элүү) сомго жана иш-планы бекитилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2025-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 150сом, музоого 150 сом, жылкыга 250 сом, кой-эчкиге 45 сом, курук отун пайдалангандыгы үчүн 100 сом болуп келишимдин негизинде бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин торагасы: |
А.Суранчиев |