Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын -20-майы № 30
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Кара-Дөбө, Көн, Кожо,Алыш, Лесхоз айылдарындагы негизги ички көчөлөрдү жана Олагыш, Алыш айылдарынын ортосундагы көпүрүктү №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кнешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылынынын Ишматов көчөсү, Токтогул көчөсү, Көн айылынын А.Ташматов көчөсү, Токтосун кызы Айсулуу көчөсү, Кожо айылынын үлүш жерлерден өткөн көчө жана Тоголок Молдо, Э.Атабеков, А.Бердибаев көчөлөрүн жалпы 13725 метр аралыктагы ички көчөлөрдү, Лесхоз айылындагы негизги көчө, С.Абдумаликов көчөсү жалпы 3500 метр, Алыш айылындагы А.Амираев көчөсү, Ш.Эшбаев көчөсү, К.Аппаков көчөсү, Жаштык көчөсү, Тажибай Раис көчөсү, Ж.Калыков көчөсү жалпы 3000 метр жана Өлагыш, Алыш айылдарынын ортосундагы чоң көпүрүк 1000 метр №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Галботоев |