Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-июну № 12
Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясынын объектисин муниципалдык менчикке ɵткɵрүү жөнүндө
Айдаркен шаардык мэриясынын 2025-жылдын №01-07/12 сандуу сунуш каты боюнча шаар мэри Б. Бегалиевдин маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 8-сессиянын №8-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын күн-батыш тарабындагы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясына таандык жер аянтын, анын ичинен курулган имараттар жана башка курулмалар толугу менен Айдаркен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине ɵтүүгɵ макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Тѳрага: | А.А.Алтымышова |