Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-июну № 14
Айдаркен шаарынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵз ишинин жыйынтыктары жɵнүндɵ жергиликтүү Регламентин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 30-сентярындагы №01-25/267 буйругуна ылайык Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵз ишинин жыйынтыктары жɵнүндɵ жергиликтүү Регламенти кошумча алымчасы менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Регламентке негиз жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵз убагында жергиликтүү жамаатардын жыйындарын уюштуруп, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук коргоо, регламент, депутаттык мандат, сыйлыктарды берүү жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
4. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Тѳрага: | А.А.Алтымышова |
Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын 9-сессиясынын №14 Токтомуна №1 тиркеме (6 баракта)
Айдаркен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн
Регламенти
1. Жалпы жоболор
2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын алдында отчетторун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Бул Типтүү регламент (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун камтыйт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Айдаркен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчет берүүсүнүн Типтүү Регламенти – бул жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилчү акт, ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнүн тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчет берүүсүнүн тартибин регламенттештирет.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, жергиликтүү жамаатты талкуу процессине тартуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө тургундарды маалымдоо ушул Типтүү Регламенттин максаты болуп саналат.
1.3. Типтүү Регламент Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жергиликтүү жамааттарынын конституциялык укуктарын коргоо принциптерине негизделип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматты өз убагында алуу укугун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугун камсыз кылат.
1.4. Айдаркен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, ал эми жергиликтүү жамааттын алдында — өз ишинин жыйынтыктары үчүн жооптуу болушат.
1.5. Айдаркен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
1.6. Жергиликтүү жамааттар коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында) жана курултайларында талкуулоо формасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышат.
1.7. Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты өз округунун шайлоочуларынын алдында жооптуу жана аларга отчет берет.
1.8. Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты маал-маалы менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жолу өз иши жөнүндө шайлоочулардын жана жарандардын жамааттарынын алдында отчет берип турууга милдеттүү.
1.9. Шаардын мэри жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык кеңешке бекитүүгө берет, жергиликтүү маанидеги маселелердин жана бюджеттин аткарылышы, ошондой эле муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.
2-глава. Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби