Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-июну № 50
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-2027-2028-жылдарга карата киреше жана чыгаша долбоорун бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2026-2027-2028-жылдарга болжомдуу көлөмү “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин”, мыйзамдардын негизинде түзүлүп, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын 2026-2027-2028-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжоллу 2026-жылга кирешелер жана чыгашалары 135650,0 миң сом өлчөмүндө, 2027-жылга кирешелер, чыгашалар 155790,0 миң сом өлчөмүндө, 2028-жылга кирешелер жана чыгашалары 177811,0 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |