Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-июну № 52
“Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 17-июнундагы 87 номери менен чыгышталган “А.Орозбеков көчөсүндөгү 400м3 резервуарга райондук өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык кредит алууга жана “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын кеңсесин күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусу
“Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 17-июнундагы 87 номери менен чыгышталган “А.Орозбеков көчөсүндөгү 400м3 резервуарга райондук өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык кредит алууга жана “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын кеңсесин күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусу жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. А.Орозбеков көчөсүндөгү сметалык баасы 4 233 437 (торт миллион эки жүз отуз үч миң төрт жүз отуз жети) сомду түзгөн 400м3 резервуарга райондук өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык кредит алууга жана “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын кеңсесин күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Абдырахмановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |