Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 14-майы № 40
“Бел-Алма орто мектебине 1,0 га жер бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин, 68-беренесинин 4-пунктуна жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маликовдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №7-протоколунун чечиминин 6-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагына караштуу №376 контурундагы 1,0 га “Бел-Алма” орто мектебинин көмөкчү чарба үчүн убактылуу пайдалануусундагы жер тилкесин мамлекеттик жана коомдук муктаждык үчүн алып, ордуна №379 контурундагы 1,0 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |