Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII1-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 13-июну № 51
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №8-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Спорттук жана ден соолукту чыңдоо комплексин куруу максатында Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын №4 контурунда жайгашкан 2,0 га “Айыл чарба багытындагы жайыт жерди” “Калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин жана программасы бекитилип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |