Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/4
“Жайыт комитетинин 2024-жылга аткарылган иштери боюнча маалыматы жана айыл аймактагы ийри мүйүздүү малдардын ар бир түрүнө жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жайыт акынын өлчөмүн жана иш планын бекитүү жөнүндө”
Жайыт комитетинин 2024-жылга аткарылган иштери боюнча маалыматы жана айыл аймактагы ийри мүйүздүү малдардын ар бир түрүнө жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жайыт акынын өлчөмүн жана иш планын бекитүү жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Исмаиловдун билдирүүсүн жана айылдык кеңештин 2025-жылдын 4-апрелиндеги жалпы депутаттык туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Исмаиловдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мады айыл аймагындагы ийри мүйүздүү малдын ар бир түрүнө жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү акы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бодо мал -200 сом
- Жаш бодо мал ( 1жашка чейин) - 140 сом
- Жылкы - 200 сом
- Жаш мал (жылкы 1 жашка чейин) - 140 сом
- Майда жандыктар - 50 сом
Башка айыл аймактан келген малдар үчүн
- Бодо мал - 400 сом
- Жаш бодо мал ( 1жашка чейин) - 280 сом
- Жылкы - 400 сом
- Жаш мал (жылкы 1 жашка чейин) - 280 сом
- Майда жандыктар - 100 сом
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |