Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/7
“Кыргыз-Чек айылына байланыш компанияларына антена орнотуу үчүн жер бөлүп арендага берүү жагын кароо”
Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы Нургул балдар бакчасынын жанындагы муниципалдык жерге, Мырзаканов Айтибай атындагы көчөнүн башталышына байланыш антеналарын орнотуу үчүн жер бөлүп арендага берүү жагын кароо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын жана депутаттык туруктуу комиссиялардын 2025-жылдын 4-апрелиндеги кошмо отурунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы Нургул балдар бакчасынын жанындагы муниципалдык жерге, Мырзаканов Айтибай атындагы көчөнүн башталышына байланыш антеналарын орнотуу үчүн жер бөлүп берүүгө макул берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |