Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/8
“Каарман айылынын тургундарынын суроо талаптарынын негизинде мечиттин жанына демөөрчүлөр тарабынан кошумча имарат курууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесин жана Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги депутаттык туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Каарман айылынын тургундарынын суроо талаптарынын негизинде мечиттин жанына демөөрчүлөр тарабынан кошумча имарат курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |