Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/9
“Мады айыл аймагынын Каарман айылындагы Чегир Азизов атындагы көчөсүнө Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Каарман айылындагы Чегир Азизов атындагы көчөсүнө узундугу жалпы 1150 метр асфальт төшөө үчүн өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 500000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү долбоорунун маалыматын угуп талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Каарман айылындагы Чегир Азизов атындагы көчөсүнө узундугу жалпы 1150 метр асфальт төшөө үчүн өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу максатында Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы
Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин инвестициялар, ишкердик, соода ички жана тышкы экономикалык байланыштар коомдук уюмдар менен иштөө боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |