Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/10
“Чагыр айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы Чагыр айылынын тургуну Мукамбек уулу Кубанычбектин жана Акылбек уулу Талантбектин арызынын жана Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын отурунун чечиминин жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы Чагыр айылынын Чагыр 5 көчөсүнө Жумаев Мукамбек Эшбаевичтин, Чагыр айылындагы аты жок көчөгө Мамадамов Аскарбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр айылындагы Жумаев Мукамбек Эшбаевич жана Мамадамов Аскарбек атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Жумаев Мукамбек Эшбаевичтин жана Мамадамов Аскарбектин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |