Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/11
“Мады суу байлыгы муниципалдык ишканасынын маалыматы жана 2025-жылга тарифин бекитүү жөнүндө”
Мады суу байлыгы муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Курбановдун берген маалыматы жана 2025-жылдын 10-апрелиндеги Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады суу байлыгы муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Курбановдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Мады суу байлыгы муниципалдык ишканасынын таза сууга болгон баа (тариф) төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Көчөдөн суу керектөөгө – 1 жанга айына 13 (он үч) сом.
- Короодогу сууну керектөөгө – 1 жанга айына 25 (жыйырма беш) сом.
3. Социалдык объектерге (бала бакчалар, мектептер, мончолор, кафелер, автоунаа жуучу жайлар) суу эсептегич (счетчик) орнотулсун.
4. Жоош айылына суу эсептегич (счетчик) ар бир абонент өз эсебинен алышсын жана орнотуп берүү жага Мады суу байлыгы муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
5. Мады суу байлыгы муниципалдык ишканасынын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнөн таза сууга бекитилген бааны (тарифин) макулдашуу жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |