Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 30-январы № 19

 

КБФнын 22,5га жерлери жөнүндө

Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/56 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн КБФнын 2024-жылы аяктаган 22,5га жер аянтын ачык соодалоого коюуу же аз камсыз үй-бүлөлөргө бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы”3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243 токтомунда көрсөтмөсүнө ылайык КБФнын 2024-жылы аяктаган 22,5га жер аянтын аз камсыз үй-бүлөлөргө бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

2. КБФнын жерлеринин максаттуу пайдаланылышына өзгөчө көнүл бурулсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага  

 

Т.У.Джапаркулов