Редакцияот 30.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

           ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИН  II СЕССИЯСЫ

Т О К Т О М                                                                         

19.12.2024-ж №8                                         .

Ысык-Көл айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330 буйругуна ылайык, Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ысык-Көл айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин.

2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Г.Карымбаевага милдеттендирилсин

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага О.Мукамбетов