Редакцияот 30.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ

 

 

Т О К Т О М

 

16.01.2025-ж  №7                                         

 

  Ысык-Көл айыл аймагынын  Тогуз-Булак айылындагы   “Сигма” насостук станциясын Түп райондук суу чарба башкармалыгынын   балансына  өткөрүүгө макулдук берүү  жөнүндө

 

Ысык-Көл  айыл аймагынын  айыл өкмөт башчысы У.Бозгуновдун    кайрылуусун угуп жана ошондой эле айыл аймактагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу максатында Ысык-Көл айыл аймагынын  айылдык кеңеши:      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ысык-Көл айыл аймагынын     Тогуз -Булак  айылындагы   “Сигма” насостук станциясын  Түп райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.   Бул токтом Ысык-Көл  областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Г.Карымбаевага милдетендирилсин.

3.   Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу   жагы жер ресурстары , айыл чарба маселелери боюнча адис К.Жумабековага  жүктөлсүн.

 

 

 

 

     Төрага                                                                    О.Мукамбетов