Загрузка документа…
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ V СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
10.04.2025-ж №1
Ысык-Көл айыл аймагынын 2025-жылга талаачылык жана жайыт кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
2025-жылдын жазгы талаачылык айдоо себүү кызмат акылары, жайлоого чыкчу малчылардын кызмат акыларын, жайыттарды пайдалануунун акысы жана айдоо жерлерге мал кирип кеткен үчүн айып пул салуу жөнүндө маселени талкуулап Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-жылдын жазгы талаачылык айдоо-себүү тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
Жер айдоо 1000 сом күйүчүү май 20
Жер себүү 500 сом, күйүчүү май 7 л
Тырмоо 300 сом, күйүчүү май 7 л
Чөптүү тырмоо 200 сом, күйүчүү май 5 л
Мала 500 сом, күйүчүү май 10 л
Фреза 500-1000 сомго чейин күйүчүү май далил менен.
Дискование 1000 сом май 15 л
Үрөн чабуу 2000 сом, күйүчүү май 20 л
Германка 900 сом, күйүчүү май 7 л
Эгин чабуу 1200 сом, күйүчүү май 20 л
Пресс 8 сом, жиби менен 12 сом, күйүчүү май 7 л
Эгин, эспарцет ташуу автоунаа акысы 1 рейс 500 сом, күйүчүү май далил менен.
Экспарцет тазалоо 1 тонна 1000 сом
Эгин тазалоо 1 тонна чоң ЗАВ-800 сом, кичине ЗАВ-600 сом.
-Айдоо аянтарын, талаа жолдорун жана арыктын жээктерин соко менен айдап техника менен тебелеп жол салып алгандарга айып пул 2000 сом өлчөмүндө салынсын.
2. 2025-жылына карата жайлоого багуу жана айыл ичиндеги бада акысы төмөнкүдөй бекитилсин:
500 баш кой баласы, 50 баш бодо жана жылкы малынан кем эмес алып баккан малчыга жайыт билети берилсин.
Ар бир малчы, мал ээси менен милдетүү түрдө келишим түзсүн.
Бодо мал (уй,жылкы)- 600 сом, биринчи айы 750 сом ( тузу, жайыт акысы ичинде)
Кой-эчки 200 сом, (тузу, жайыт акысы ичинде)
Бада 400-500 сом (жайытка жараша)
3. Мал багуу эрежелери төмөндүгүдөй белгиленсин:
-2025-жылдын 15-мартынан баштап айдоо жерлерге мал чыгарууга тыюу салынат;
-2025-жылдын 25-майынан кийин жакынкы жайыттарда мал калтырылбасын;
-Ушул токтомдун 3-пунктунда белгиленген эрежелерин бузган мал ээсине жана малчыга айып пул төмөнкүдөй салынсын:
Бодо мал (уй,жылкы) 1 башына 1000 сом
Кой-эчки 1 башына 200 сом
Эшек 1 башына 500 сом
Үй канаттуулар 1 башына 200 сом
4. Ысык-Көл айыл аймагына тиешелүү Михайловка, Ысык-Көл ,Тогуз-Булак, Ынтымак жана Сары-Булун айылдарынын мал жандыктары алыскы жайытка көчүп кетүү жана кайра көчүп келүү мөнөөттөрү төмөнгүдөй бекитилсин:
-Жайлоого жайыттарга малды чыгаруу 2025-жылдын 25-майына чейин көчүү;
-Жайлоодон көчүп келүү жагы 10-сентябрь айынан кийин;
-Жайлоого өз убагында көчпөй койгон жана эрте көчүп келип алган малчыларга, жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынсын.
5.Көл жээктеги пляждардын ижара акысы төмөнкүдөй бекитилсин:
Бир жаранга берилүчүү жердин аянты 0,05га, ижара акысы 0,01 га -294 сом, ар бир тигилген бооз үйгө -2000 сом, ар бир тигилген палаткага (тапчан,вагон) -1000 сом менен бекитилип, 5-жылдык мөөнөт менен келишимдин негизинде берилсин.
6.Айыл ичинде таштанды таштаган жаранга айып пул 3000 сом, таштанды полигонуна 5000 сом салынсын.
7.Айылдык Кеңештин бул токтомун калкка жеткирүү жана Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Г.Карымбаевага жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ысык-Көл айылдык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду аткарылышын Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Бозгуновго жүктөлсүн.
Төрага О.Мукамбетов