Загрузка документа…
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VI СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
02.06.2025-ж №4
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун
берүүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып,
1. Ысык-Көл айыл аймагында жеке турак үй куруу үчүн жер участокторду берүүнүн чектик өлчөмү 0,10 гектар болуп бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жана башкы жер адисине жүктөлсүн.
Төрага О.Мукамбетов