Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-апрели № 353-т
Балыкчы шаарын тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансферттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 357-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта "2024-жылга" деген сөздөр "2024-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2024-жылга Балыкчы шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планында:
- аталышында "2024-жылга" деген сөздөр "2024-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта "150", "2024" деген цифралар тиешелүү түрдө "120", "2025" деген цифраларга алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |