Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 159 токтомуна)
Кыргыз Республикасында жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо тартибин, анын ичинде жайгаштыруу каражаттарына коюлуучу талаптарды, жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо системасынын уюштуруу түзүмүн жана анын катышуучуларынын функцияларын, жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо системасында колдонулуучу документтердин формаларын, аппеляцияларды кароо тартибин, жайгаштыруу каражаттарынын категориясынын белгисин колдонуу эрежелерин белгилейт.
2. Бул Жобо жайгаштыруу каражаттарынын төмөнкүдөй түрлөрүн классификациялоого карата колдонулат: мейманкана, конок үйү, боз үй (боз үй лагерлери), курорт.
3. Мейманкана кызматтарын көрсөтүү боюнча иш бир нече юридикалык жактар (чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалдары) жана (же) жеке ишкерлер тарабынан менчик, ижара укугунда же башка мыйзамдуу негизде аталган жактарга таандык бир нече мейманкана жайгашкан бир имаратта (корпуста, курулмада) же имараттын (корпустун, курулманын) бөлүгүндө жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо, жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо өзүнчө номерлерге, имараттын (корпустун, курулманын) кабаттарына же имараттын (корпустун, курулманын) бөлүгүнө карата жүргүзүлбөйт.
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
жайгаштыруу каражаты - жеке жактардын убактылуу жайгашуусу жана жашоосу үчүн арналган бир же бир нече турак бөлмөлөрү, ошондой эле жабдуулары жана башка мүлкү бар имараттан же анын бөлүгүнөн, жайлардан турган мүлктүк комплекс;
жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо боюнча катчылык - ушул Жобонун 13-пунктунда каралган функцияларды аткаруу үчүн ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо максатында түзүлгөн жүз пайыз мамлекеттин катышуусу менен акционердик коом;
жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо - жайгаштыруу каражаттарын жана жеке жактардын убактылуу жайгашуусу жана убактылуу жашоосун камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун негизинде ушул Жобого ылайык тиешелүү категорияны ыйгаруу талабы менен мейманканаларды, конок үйлөрүн, боз үйлөрдү (боз үй лагерлерин) жана курортторду аныкталган категорияларга киргизүү;
мейманкана - мейманкана кызматтары көрсөтүлүүчү жана ушул Жободо каралган мейманканалардын түрлөрүнүн бирине кирген жайгаштыруу каражаты;
конок үйү - жеке менчик үй ээлиги болуп саналган жана бүтүндөй же бөлмөлөрүн жашоого берген, ошондой эле конок үйүнүн ээси тарабынан аныкталуучу башка кызматтарды көрсөткөн жайгаштыруу каражаты. Ээси жана/же анын үй-бүлөсү ошол эле үйдө, конокторго убактылуу жашоо үчүн берилген номерлерден өзүнчө бөлмөдө(лөрдө) же кабатта жашашы мүмкүн;
боз үй (боз үй лагери) - калктуу конуштарда, ошондой эле анын чегинен сыртта жайгашуусу мүмкүн болгон жайгаштыруу каражаты, анда убактылуу жашоо үчүн кызмат көрсөтүүлөр жана боз үйдүн ээси тарабынан аныкталуучу башка кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн;
курорттор - убактылуу жашоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары, ден соолукту чыңдоо мүнөзүндөгү, анын ичинде дарылык жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен кошумча кызматтардын комплексин көрсөткөн дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерде жайгашкан жайгаштыруу каражаты;
жайгаштыруу каражаттарынын категориясы - аныкталган түрдөгү жана категориядагы жайгаштыруу каражаттары үчүн ушул Жободо каралган талаптардын деңгээлине жайгаштыруу каражаттарынын жана алардагы убактылуу жашоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн шайкештигин аныктоочу көрсөткүч;
өтүнмө ээси - жеке жактардын убактылуу жайгашуусу жана убактылуу жашап туруусун камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкердикти жүзөгө ашырган жана адистештирилген онлайн-платформада же анын мобилдик тиркемесинде жайгаштыруу каражаттарын классификациялоого өтүнмө берген юридикалык жак, юридикалык жактын филиалы же өкүлчүлүгү же жеке ишкер;
классификациялоо боюнча эксперт - туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте берилген эксперттик баалоо жүргүзүүгө квалификациялык сертификаты бар жана катчылык менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдин негизинде жайгаштыруу объекттерин классификациялоо боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу, баалоонун жыйынтыгына кызыкдар болбогон жак;
эксперттик баалоо - жайгаштыруу каражаттарынын ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкештигин аныктоо процесси, ал классификациялоо боюнча эксперт тарабынан жүргүзүлөт жана категория ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелген белгиленген формада баалоо актысын түзүү менен аяктайт.
5. Жайгаштыруу каражаттары (мейманканалар, конок үйлөрү, боз үйлөр (боз үй лагерлери жана курорттор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине (23-тиркеме), ошондой эле "Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине (22-тиркеме) шайкеш келиши керек.
6. Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо ушул Жобого ылайык жайгаштыруу каражаттарына өтүнмө боюнча ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
7. Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо системасынын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) керектөөчүнү жайгаштыруу каражаттарынын ушул Жободо каралган категорияларга шайкештиги жөнүндө зарыл жана так маалымат менен камсыз кылуу;
2) эл аралык жана заманбап тейлөө ченемдерин сактоону жана жайгаштыруу каражаттарында кызмат көрсөтүүнүн сапатынын туруктуулугун камсыз кылуу;
3) жайгаштыруу каражаттарын кызмат көрсөтүүнүн ассортиментине жана сапатына жараша дифференциациялоо;
4) жайгаштыруу каражаттарынын жана жалпысынан өлкөнүн туристтик тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
5) жайгаштыруу каражаттары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын баалоонун объективдүүлүгүнө карата керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөнүн эсебинен туристтик агымдын жана ички туризмден түшкөн кирешелердин көбөйүшүнө көмөк көрсөтүү.
8. Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо максаттары үчүн классификацияланат:
1) мейманканалар жана курорттор - жылдыз системасы боюнча, анда 5 категория каралган: "беш жылдыз", "төрт жылдыз", "үч жылдыз", "эки жылдыз", "бир жылдыз". Эң жогорку категория - "беш жылдыз" категориясы, эң төмөнкүсү - "бир жылдыз";
2) конок үйлөрү - эдельвейс системасы боюнча, анда 4 категория каралган: "төрт эдельвейс", "үч эдельвейс", "эки эдельвейс" жана "бир эдельвейс". Эң жогорку категория - "төрт эдельвейс", эң төмөнкүсү - "бир эдельвейс";
3) боз үйлөр (боз үй лагерлери) - түндүктөр системасы боюнча, анда 4 категория каралган: "төрт түндүк", "үч түндүк", "эки түндүк" жана "бир түндүк". Жогорку категория - "төрт түндүк", эң төмөнкүсү - "бир түндүк".
9. Бул Жобо менен номерлердин төмөнкү категориялары белгиленет:
1) стандарттык номери;
2) люкс (сьют);
3) жарымлюкс (джуниорсьют);
4) апартаменттер;
5) студия;
6) президенттик люкс (VIP).
10. Жайгаштыруу каражаттарына аларды классификациялоо үчүн талаптар ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо боюнча Жалпы талаптарда белгиленет.
11. Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо боюнча талаптар, катышуучулар жана классификациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат ачык болуп саналат жана адистештирилген онлайн-платформада жана анын мобилдик тиркемесинде жайгаштырылат.