Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-июну № 5
Нарын шаарына жылуулук насос системасын орнотуу үчүн Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан кредит катары алынган жалпы суммага кепилдик берүүгө жана кыймылсыз мүлктөрүн
күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишканасы тарабынан Чехиялык өнөктөштөр менен биргеликте Нарын шаарына коюлуучу жылуулук насо системасын коюу үчүн капитал катары жалпы сумманын 22,5 пайызын “Теңир -Тоо” өнүктүрүү фондунан алуу пландалган.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаардык “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишканасы тарабынан Нарын шаарына коюлуучу жылуулук насос системасын коюу үчүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан кредит катары алынган жалпы сумманын 22,5 пайызына кепилдик берилип, ишкананын балансындагы кыймылсыз мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Эсеналиев |