Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-июну № 9
Нарын шаарындагы калктуу конуштарга жана көчөлөргө ысым ыйгарууну токтотуп туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы “ 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомуна ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, наамдарды ыйгаруу боюнча ” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарындагы калктуу конуштарга жана көчөлөргө ысым ыйгаруу 2029- жылдын июнь айына чейин токтотулуп турулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Эсеналиев |