Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-июну № 10
Нарын шаарындагы бала бакчаларга инсандардын ысымын ыйгарууну токтотуп туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарындагы бала бакчаларга инсандардын ысымын ыйгаруу 2029-жылдын июнь айына чейин токтотулуп турулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Эсеналиев |