АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз VI сессиясынын
2025-жылынын 29-апрели №6/25
« Айры-Там айыл аймагынын 2025-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Айры-Там айыл аймагынын 2025-жылдын бюджеттик каражаттына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбеков билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айры-Там айыл аймагынын бюджеттик каражатынын 2025-жылдын башында турак жай коммуналдык бөлүмүнө бекитилген ар түрдүү чыгым 2215 статьясынан 2500,0 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражатын кыскартып, турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 2222 жабдуу жана инвентарь алуу статьясына 2500,0 (экми миллион беш жүз миң) сом акча каражаты кошулсун;
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо, Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кулуев. |